Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физика жана электроника факультетинде “Физиктер күнү” белгиленди

Физика жана электроника факультетинде “Физиктер күнү” белгиленди. Салтанаттуу аземде факультет деканы Самат Токтогонов жана кафедра башчылары сөз сүйлөп, жалпы физиктерди майрамы менен куттукташты. Андан соң мыкты окуган студенттерге стипендиялар тапшырылды:

  • профессор, КР УИАнын кориспондент мүчөсү Э.Мамбетакунов атындагы стипенджия менен 4  студент
  • доцент Э.Дүшөнов атындагы стипендия менен 1 студент
  • доцент Г.Бейшекеева атындагы стипендия менен 4 студент
  • доцент А.Байтереков атындагы стипендия менен 2 студент
  • доцент Ш.Жусупкелдиев атындагы стипендия менен 2 студент
  • доцент З.Кожоева атындагы стипендия менен 2 студент
  • доцент Г.Исмаилова атындагы стипендия менен 2 студент.

Андан ары концерттик программа коштолгон конкурс болуп, факультеттин ар бир группасы физикалык тажырыйбаларды көрсөтүп ат салышты. Аларга калыстар тарабынан баа берилип, байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар менен громаталар берилди.

01

02

03

04

05

06

07

08

  • Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Курманбеков Нурахим – жаштар комитетинин мүчөсү