Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 11.04.2018 отуруму

00

2018-жылдын 11-апрелинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору_Канат Садыков_алып барган жыйында окуу жайдагы тарбия иштеринин жана жатаканалардын абалы, өткөн окуу жылындагы илимий-изилдөө, каржы-чарбалык иштеринин жана кышкы сессиянын жыйынтыктары, о.э. эмки окуу жылына кабыл алуу кампаниясын уюштуруу маселелери каралды.

Жыйындын башында Канат Садыков журналистика факультетинин ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдиламит Матисаковду жалпы түрк маданияты менен адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн эл аралык Түрксой уюмунун 2018-жылдагы сыйлыгына ээ болушу менен куттуктады. 

Андан кийин, КУУнун ректору экономика колледжинин башчысы Аскар Акматовду “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына көрсөтүү боюнча сунуш түшкөнүн кабарлап, бул сунуш окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты.

Отурумдун күн тартибиндеги "Студенттер арасында жүргүзүлгөн тарбия жана маданий иш-чаралардын абалы жана аларды жакшыртуу боюнча аракеттер" деген маселе боюнча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев баяндама жасап, бул багытта аткарылган иштердин алгылыктуу жана кенемте жактары жөнүндө кеңири айтып берди. Проректордун айтымында, студенттер арасында жүргүзүлгөн тарбия иштеринин натыйжалуулугун арттыруу үчүн ар кандай коомдук уюмдар, мекемелер менен байланыштарды дагы да бекемдеө зарыл.

"КУУдагы илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары жана келечеги жөнүндө" илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев билдирүү жасап, 2017-жылдын июль айынан 2018-жылдын апрель айына чейин Улуттук университетте жүргүзүлгөн илимий изилдөө иштери, КУУнун грантын алууга берилген долбоорлор, өткөрүлгөн илимий конференциялар, тегерек столдор, семинарлар, тренингдер, чакыруулар боюнча лекциялар, олимпиадалар, сырттан келген инвестициялар, корголгон докторлук жана кандидаттык диссертациялар, алынган патенттер, о.э. аспирантура менен докторантуранын иши, «КУУнун жарчысына» жарыяланган макалалар, басмадан чыккан илимий монографиялар, окуу китептери жана окуу-усулдук куралдар жөнүндө айтып берди.

Күн тартибиндеги "2018-2019-окуу жылына кабыл алуу кампаниясын уюштуруу" жана "Билим берүү программаларынын өзүн өзү баалоого даярдык" деп аталган маселелер боюнча окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев баяндама жасады. Ал кабыл алуу кампаниясын уюштуруу университет үчүн эң негизги маселе экендигин айтып, бардык факультеттердин жетекчилери аны уюштурууга жигерлүү катышып, өзү жетектеген түзүм тууралуу үгүт материалдарын, видеороликтерди даярдап, жер-жерлерге үгүт иштерин жүргүзүшү зарыл экендигин белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчылыгына юридика илимдеринин кандидаты Бузурманкулов Байтик Жолдошбековичти бекитти.

Урмат Аманалиев о.э. "Биотехнология", "Техникалык физика", "Электроника жана наноэлектроника", "Филологиялык билим берүү", "Программалык инженерия", "Маалымат системалары жана технологиялары", "Кытай таануу"", "Маркетинг", "Сапатты башкаруу", "Социалдык иш" багыттары боюнча магистрлик, ал эми "Финансы (тармактар боюнча)", "Экономика и бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)", "Банк иши" багыттары боюнча орто кесиптик билим берүү программалары 2018-жылдын 30-майына чейин өзүн-өзү баалоодон өткөрүлөөрүн билдирди.

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев "2017–жылдагы каржы-чарбалык иштердин жыйынтыгы  жана университеттин материалдык-техникалык базасын бекемдөө, о.э. жатаканалардын абалы" тууралуу баяндама жасап, КУУнун бюджети, анын сарпталышы, жатаканалардын абалы, алардын материалдык базасы, капиталдык оңдоо иштери жөнүндө кенен маалымат берди.

2016-2017-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыктары туралуу академиялык саясат жана окуу процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Эрнис Усенов баяндама жасады. Анын айтымында, кышкы сессиянын жыйынтыктары - студенттердин алган билиминин негизги көрсөткүчү. Андан ары ал КУУнун бакалавриаты менен магистратурасында бюджеттик жана бюджеттик эмес негизде окуган студенттердин окуудагы жетишкендиктери, көйгөйлорү жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө айтып берди.

Жыйындын соңунда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы, КУУнун каржы комитетинин төрайымы Кундузгүл Базакеева "Банктардын коммерциялык сунуштары жөнүндө" билдирүү жасады.

press knu 2018 000