Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Кочкор районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү КУУ менен таанышып кетишти


Кочкор районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү КУУ менен таанышып кетишти
03.04.2018 14:34
2018-жылдын 31-март күнү Улуттук университетке Кочкор районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү келип, КУУ менен жакындан таанышып кетишти. Студенттер кеңешинин өкүлдөрү аларга Улуттук университеттин тарыхы, факультеттери, жетишкендиктери, студенттердин жашоосу тууралуу кенен маалымат айтып беришип, окуу жайдын ичинде чакан экскурсия уюштуруп беришти.
Абитуриенттер КУУ тууралуу көп уккандыгын, кызыгышкандыгын жана студент болуп келе тургандыктарын айтып кетишти.
Асанбеков Атайбек - КУУнун студенттер кеңешинин президенти