Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Матфактын 1-курс студенттери «Манас айылына» экскурсияга барышты


Матфактын 1-курс студенттери «Манас айылына» экскурсияга барышты
03.04.2018 13:30
2018-жылдын 29-мартында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери «Манас айылы» этно-маданий борборуна экскурсияга барып келишти. Борбордун экскурсоводу студенттерге ал жердеги курулган комплекстин мааниси, Манас баатырдын 40 чоросу тууралуу баяндап берди.
Факультеттин деканаты жана студенттик кеӊеши тарабынан уюштурулган иш-чара учурунда студенттердин өз группалары эле эмес, бүтүндөй курс арасындагы жылуу мамилелери сезилип жатты. Бул - факультеттин ар бир студентинин Мекенибизге болгон сүйүүсүн ойготот.
Усаров Нурмухаммед – 3-курс студенти, «Коом деген мен жана сен» уюумунунжетекчиси