Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Э.Дуйшенов: "Карыялар студенттерге өткөзүп бере турган баалулук"

Карыялар студенттерге өткөзүп бере турган баалуулук

Дуйшенов Эшмухамед - Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, физика-математика илимдердин кандидаты

duishenov 00

Элибизде "Булактан дайра башталат" дешет. Ушундай накыл-насил сөз берметтери унутулуп, баалуулугуна акыл таразасынын сезгичтиги кемип бара жаткандай көрүнөт. Мына ушундай кемчиликти толтуруунун же байытуунун жолу элибиздин алмаздын тунуктугундай, ток тийгизгендей “селт” эттирген, эс-акылынан адашкандардын илдетине дарылоочу байлык макал-лакаптарды пайдалануу керек. Ал үчүн карыяларыбызда ошондой көрөңгү барбы?

Ушул эң негизги маселе. Ошондой накыл сөздүн бири “карыянын сөзүн капка сал”. Азыркы карыялардын “капка салып” кадырлай турган баалуулугу барбы? Мындай суроого накыл-насили,сөздүн баалуулугу кылымдан кылымга, атадан-балага, энеден кыз келинге берип келген салт-сана адеп-ахлактык, жакшы кулк-мүнөз санжыра – тарыхыбыз бар элбиз. 

Адам атанын урпактарына тиешелүү болбогон жат көрүнүштөр, эки жүздүлүк, бөлүнүп жарылуу, душманчылык, ушак айтуу, арамдарды ажыратпоо, күнөө ыплас амалдар менен алектенип жалпы адамзаттын жашоосунда рух дүйнөнү ууландыратурган кесепеттердин бир канчасын санадык. Келечегибиз болгон жаш муундарга жогорку ыплас категорияларды уйрөтүү үчүн үй-бүлөдөн баштап, ЖОЖда окуган студенттерге чейин системалуу, баскычтар менен жогору көтөрүп рух дүйнөсүн тазартып, тарбиялап өнүктүрбөсөк көп жакшылыктардан кол жууп каларыбыз шексиз.

Ааламды жана планеталарды бир бири менен байланыштырып турган гармония чынжыры бар болсо, ал эми Адам атанын урпактары жогоруда айтырылган ыплас көрүнүштөрдү жөргөмүштүн жилеси сыяктуу арзыбаган, туруксуз көрүнүштөрдү жогору коюп, жан дүйнөсүн азапка салып өзүн өзү ууландыргандык эмеспи?Ушундай ыплас көрүнүштөргө акылым жана укугум бар деп айта аласынбы?

Бул дүйнө райымдуу Жараткандын мейманканасы. Ал эми жердеги бардык өсүп чыккан мөмө жемиштер ал силерге жайылган дасторкон. Силер ошол дасторкондон жана мейманкананы кандай баалап жатасыңар, ойлоп көргүлөчү? Ар бир эрежеде, мыйзамда жана акылмандуулукта этияттуулактун башаты жатат. Ошол мейманканада жашап жатып жайылып койгон дасторконго кандай даанышмандыкты жана сый жасап жатасыңар?

Адам атанын урпактары оокат-тиричилик деп жүрүп, мекениңдеги жайылган дасторкондорду таштап, бир туугандык мамилени бузуп, Ала-Тоону таштап, көр-оокаттын айына алданып жүрөбересиңерби?

Цивилизациянын мыйзамдары менен караганда адамзат коомдун жашоосундагы кулк- мүнөз, адеп-ахлактык жана мамиленин башаты эки түшүнүк менен сыр түрүндө катылып коюлган. 

Биринчиси: “менин коңүлүм ток” жана “байлыгым бар”, “калганыңар эмне болсоңор ошол болгула” дейт. Экинчи:“силер иштегиле, мен ичип-жеп олтурайын” дешет. Бул эки түшүнүк өтө коркунучтуу жашоонун башаты. Биринчиси зекет бербегендик, ал эми экинчиси “сүт кордук”.  Бул адамзат коомдогу эң коркунучтуу илдет. Мына ушул илдеттен арылмайынча адамзат коому из-газына уулангандай уулана берет.  Мунун акыры талкалануу менен бүтөт. Боордоштук, адам керчилик, мээримдүүлүк, кечиримдүүлүк, жоомарттык категориялар сырдуу жана нурдуу толкундар болуп, Адам атанын урпактырын руханий дүйнөсүн нурлантып ажайып рахатка бөлөйт. Ал эми “жекече” түшүнбөстүктү, тоодой бийик жана салмактуу болгон ыйманга, чымындын канатындай болгон турмуштук талаш-тартыш, ушак-айын таасирин тийгизбеши керек. Бир туугандык Исламдын мүнөзү сапатына таандык. Чымындын канатындай маанисиз нерсени шылтоолоп бир биринен алыстоонун зыяны өтө коркунучтуу. Эй Адам атанын урпактары акылга келгиле! Адам катасыз боло албайт. Бирок тооба эшиги дайыма ачык, жашоо ынтымактын биримдиктин жыйынтыгы. Абайлагыла, этият болгула, бир биринерге сын тагуу эшигин ачпагыла. Сын тага турган айлана чөйрөдө көп. Ошолорго жакшы кулк мүнөз адеп-ахлактык, адам керчилик мамиле жасоону унутпаңыз. Ички дүйнөңдү күтүүсүздөн азапка салган көрүнүшкө, сабырдуулук жана кечиримдүүлүк менен жооп бер. Антпесен өзүңө өзүң душман болосуң. Таарынчтын аягы “сел саяк” болуу менен бүтөөрүн турмуш көрсөтүп жатат.

Суроо жооптун булагы сенин акыл эсин, ага сен ээсисиң. Ал эми сүйүү жана сабырдуулауктун булагы жүрөгүң, илдетке чалынбаңыз.  Үчүнчүсү кыргыздын нак-насили салт-санасы, санжырасы, аёо сезими, тууган урук байланыштар даамдуу мүмөсүн бербей калганын каалайсыңбы? Бирөөнүн артынан ыплас (ушак, айгак) адамдар үчүн эң жек көрүүчү “курал”. Бул куралдар колдонулса адам керчиликтин сапатын өрт жалмагандай жок кылат.

Дүйнөдөгү баардык адамзаттын урпктарына акылдуусунбу десе, жүз пайыз акылдуумун деп жооп берет. Анда эмне үчүн бөлүнүп-жаруулулар, ыплас көрүнүчтөр биздин турмушубузда кезигип жатат. Демек акыл-эске төп келбеген мыйзамсыз көрүнүчтөрдүн пайда болушунун себеби биздин коомубуздун мүчөлөрүнүн ЫЙМАН ДАРАЖАСЫНА көтөрүлө албагандыгы.  Ооба, баардык Адам атанын урпактары акылдан-акылмандуулукка жана даанышмандыкка көтөрүлүп, Ыймандуулук даражасынын баалуулугун, даамдуулугун рух дүйнөсүнүн рахатын сезе албагандыгы болуп жатат.