

Соцфонддун өкүлү башкаруу жана бизнес факультенинин студенттерине "Пенсиялык сабаттуулук» жөнүндө лекция окуду
23.03.2018 20:38
2018-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун окуу борборунун директорунун орун басары Ахматали Якубов башкаруу жана бизнес факультенинин студенттерине «Пенсиялык сабаттуулук» жөнүндө лекция окуп, жаштар арасында социалдык камсыздандыруу, пенсия менен камсыз кылуу саясаты жана пенсиянын негизги бөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Ал жаштарды туруктуу окутуп үйрөтүү - турмуштук талап экендигин баса белгиледи. Сабактын жүрүшүндө замандын өзгөрүүсү менен экономикада көп жаӊылануулар пайда болуп, пенсиянын ички түзүмү да көп өзгөрүүлөргө дуушар болуп келет.
Студенттер Социалдык фондунун окуу борборунун директорунун орун басарына кызыккан суроолорун берип, аларга канааттандыраарлык жооп алышты.