Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККДжКЖ факультети “Нооруз – баарыбыздын майрамыбыз” деген темада майрамдык иш чара өткөрдү

2018-жылдын 20-март күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультети №7-окуу имаратынын алдындагы аянтчада “Нооруз – баарыбыздын майрамыбыз” деген темада майрамдык иш чара өткөрүп, ал чоң программадагы концерттик жана конкурстук программа менен коштолду.

Умай эне арча түтөтүп, аластап, Теңир ата бата бергенден кийин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча боюнча проректор Садык Тиллебаев, факультет деканы Алайбек Шамшиев факультеттин жамаатын, конокторду, студенттерди жана окуучуларды Нооруз майрамы менен кызуу куттукташты.

Андан соң факультеттин курамына кирген бакалаврларды кайра даярдоо жана адистик билим берүү бөлүмүнүн, колледждин  жана агимназиянын окутуучулары арасында кыргыз элинин каада-салтын жайылтуу, жаштарга үлгү көрсөтүү максатында конкурс жарыяланды. 

Калыстар тобунун курамына майрамга чакырылган коноктор мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча боюнча проректор Садык Тиллебаев, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев, профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана факультет жеканы Алайбек Шамшиев кирди.

Конкурста кыргыз ырлары, бийлери, улуттук каада-салт, тамак-аш, саркеч кийимдердин үлгүлөрү көрсөтүлүп, даңазаланды..

Майрамдын жүрүшүндө калыстар тобу өтүп жаткан ар бир конкурска баа берип жатышты, факультет түзүмдөрү даярдаган улуттук тамак-аштарды да көрүп, ооз тийип, баалашты. Концерттин аягында калыстар тобунун төрагасы майрамдык конкурстун жыйынтыгын угузду:

  • 1-орун: Колледждин окутуучулары
  • 2-орун: Гимназиянын окутуучулары
  • 3-орун: Бакалаврларды кайра даярдоо жана адистик билим берүү бөлүмү.

Жеңүүчүлөргө белектер тапшырылган соң, имараттын артында казан асылып, Алайбек Шамшиев келген меймандарды жана факультет жамаатын чогуу даам татууга чакырды.

press knu 2018 000

Жаныбекова К.Р. - колледж жетекчисинин тарбия иштери боюнча орун басары