Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Нооруз майрамы - мамлекеттик жана муниципальдык башкаруу факультетинде

2018-жылдын 20-март күнү мамлекеттик жана муниципальдык башкаруу факультети Нооруз майрамын белгиледи. Иш чарада "Кыргыз элинин маданияттын чагылдыруу", "Улуттук тамак-аш кɵргɵзмɵсү" жана "Улуттук кийим сынагы" деген аталыштагы сынактар өткөрүлүп, ага факультеттин студенттери активдүү катышты.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн курамына факультет деканы Базакеева К.Ж., кафедра башчылары Искаков И.И жана Нурматова Г.А. кирген калыстар тобу түзүлдү.

Конкурстун максаты – кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, улуттук тамак-ашын жана кийимин даӊазалоо болду.

Жеӊүүчү команданы аныктоо калыстар үчүн аябай эле оор болду, анткени баардык командалар мыкты даярдангандыгын кɵрсɵтүштү. Бирок, мелдеш деген мелдеш - баары бир бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Калыстар тобунун чечими менен орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун: 4-курстун ГСК-2-14группасы
  • 2-орун: 2-курстун ГСК-2-16 группасы
  • 3-орун: 3-курстун ГСК-2-15 группасы

Уткан командаларга грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, калган командалар активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат жана акчалай сыйлактар менен сыйланышты.

01

02

03

04

05

06

07

Кадыр уулу Алмаз - тарбия иштери боюнча декандын орун басары