

ККФ колледжи Ноорузга карата майрамдык иш чара өткөрдү
22.03.2018 12:24
2018-жылдын 16-мартында кыргыз-кытай колледжинин студенттери тарабынан Ноорузга арналган майрамдык иш чара өткөрүлдү. Майрамлык салтанат мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор С.А.Тилебаевдин кутуктоо сөзү менен ачыып, концерттик программа Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынан үзүндү менен башталды.
Андан соӊ Касымбеков Ооматбий жана Макулбеков Бахтиярдын Манас айтуусу отургандардын өзгөчө көӊул буруусуна татып, көрүүчүлөрдү толкундантты.
Нооруз майрамын аластоосуз элестетүүгө болбойт. Умай эненин жолун жолдогон Замирбек кызы Мээрим арча күйгүзүп бата тилеген соң, кыргыз элинин даамдары конокторго тартууланды.
Жаштардын өзгөчө колдоосуна заманбап кыргыз кийимдеринин көргөзмөсү жана тамашалуу акыясы татыды. Майрамдык иш чарада «Ак-бата», «Алтын энем», «Элим үчүн», «Эне тил» аттуу ырлар, кыргыз, казак жана чыгыш бийлери аткарылды. Иш-чара колледждин окутуучусу А.Б.Эрмекбаева тарабынан даярдалды. Сахна жасалгасына «Едугрант» компаниясы колдоо көрсөттү.
Текстти даярдаган Айнабаева А.К.