

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Нооруз майрамы белгиленди
22.03.2018 20:06
2018-жылдын 19-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жамааты Ноорузду шаңдуу тосту. Социология жана социалдык иш кафедрасы уюштурган салтанаттуу кеченинин сыйлуу коногу КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча боюнча проректору Садык Тиллебаев болду. Агайыбыз алакан жайып батасын берип, жагымдуу каалоолорун айтты.
СГИФтин деканы Камчыбек уулу Мырзабек да жыйындын катышуучуларын Нооруз майрамы менен кызуу куттуктады.
Концерттик программа адаттагыдай эле Умай-эненин аластап, өзүнүн жакшы батасын, каалоолорун айтуу менен башталды. Социалдык кызмат багытындагы окуган студенттер өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө мыкты денгээлде тартуулап беришти: бири ырдаса, экинчиси бийлеп, кээ бирөөсү актёрлук чеберчилигин “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып көрсөттү. Нооруз майрамынын негизги көркү болгон сүмөлөктүн жасалышын, анын курамын төкпөй-чачпай айтып, ошондой эле конокторубуз улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрсөтүп, отургандарга жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин таланттуу окучуучуларына грамоталар тапшырылды, ал эми факультеттин кафедра башчыларына мугалимдер өз колу менен жасаган чакан белектерди тапшырышты.
Студенттер жөн гана ырдап отурбастан, ”Чака чапмай” улуттук оюну менен отургандарды шаңга бөлөп, алып баруучулар баардык катышуучуларга кичине болсо да белектерди таруулашты.
Жерибизге ак тилегин жар сала, бак-таалайды ала келген Нооруз майрамыңыздар менен! Калайык-калкты, түптүү кыргыз журтун жанданган, жашарган Жаңы жылы менен чын дилимдизден куттуктайбыз. Сиздердин айдан аман, жылдан эсен болушуңуздарды каалайбыз!
Урматтоо менен,
СжСИ кафедрасынын жалпы жамааты