Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфакта улуу ойчул Жусуп Баласагынга арналган кече өткөрүлдү

Математика жана информатика факультети илимий китепкананын табигий илимдер боюнча китептер абономенти менен биргеликте улуу ойчул Жусуп Баласагынга арналган кече өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты - 1-курстун студенттерине Улуттук университет ысымын алып жүргөн улуу инсандын өмүр баянын жана «Куттуу билим» дастанын кеңири таанытуу, терең окутупү йрөтүү болчу.

Кечеде табигий илимдер боюнча китептер абономентинин жетекчиси Дыйканбаева Токон эжебиз кызыктуу доклад жасап, улуу ойчулдун математика, физика, астрономия жана башка тармактарда жазган эмгектери жөнүндө айтып берди.

Факультеттин студенттер кеңешинин мүчөсүТоктобек уулу Адилет Жусуп Баласагындын чыгармачылык күндөрүн театрлаштырып көрсөткөндө, өзгөчө математика илимине арналган ырын окуганда, студенттер чыныгы Баласагындын образын көрүшкөнүн айтышты. Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Иш чаранын жүрүшүндө студеннтер о.э. Жусуп Баласгынга аралган баннер, сүрөттөр жана анын эмгектери тууралуу материалдар менен таанышышты.

Кеченин өтүшү мамлекеттик тилдин кызматын күчөтүүгө жана факультет студенттеринин кеп маданиятын өркүндөөтүүгө чоң түрткү берди.

01

02

03

04

Асылбеков Кемел - cтаросталар кеңешинин төрагасы