

Педфакта улуу педагог А.С.Макаренконун туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган семинар болуп өттү
22.03.2018 19:43
2018-жылдын 16-мартында педагогика факультетинде улуу педагог А.С.Макаренконун туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган “А.С.Макаренконун педагогикасы: тарбия жана өмүр” аттуу семинар болуп өттү. Иш чарага Кыргызстан педагогикалык коомунун жетекчиси, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, КУУнун физиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.д., профессор Мамбетакунов Э.М., жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Н.А.Асипова, Кыргызстан педагогикалык коомунун мүчөсү, п.и.к., доцент Исаева Р.Н., мектепке чейинки, мектеп педагогикасы кафедрасынын профессорлору Мааткеримов Н.О., Токсонбаев Р.Н., факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш чаранын модератору педагогика факультетинин деканы, п.и.к., доцент Р.Т.Сулайманова болуп, ал эми жумушчу топту мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Г.Адылбек кызы жетектеди.
Иш-чара кызыктуу баяндамалар, презентация, видеофильмдер менен коштолуп, окутуучулар жана студенттер үчүн пайдалуу маалыматтар берилди. Семинар учурунда педагогика факультетинин жигердүү студенттери кыргыз педагогикасынын көрүнүктүү инсандары менен баяндамалардын мазмунун талкуулашып, белгилүү педагог-жазуучунун педагогикалык тажрыйбаларын, идеяларын заманбап көз карашта иликтешип өз ойлорун билдиришти. Кыргызстан педагогикалык кооомунун жетекчиси Э.М. Мамбетакунов Ыбырайым Абдрахманов жана А.С.Макаренконун 130 жылдык маарекелерине арналган “Улуу педагог-жазуучуларга таазим" аттуу темада баяндама окуп, эки улуу педагогдордун тагдырларынын окшоштугун хронологиялык тартипте ачып көрсөтүп берди. Бул баяндаманын уникалдуулугун катышуучулар баса белгилешип, илимий изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек экендигин сунушташты.
Тегерек стол-семинарда 1-2-курстун студенттери тарабынан А.С.Макаренконун өмүр таржымалы тууралуу маалыматтар окулуп, анын «Педагогикалык поэма», «Мунарадагы желектер» поэмаларынын негизинде тартылган көркөм тасмаларды талдашты. Көркөм тасмадагы педагогикалык кырдаалдарга баа берилип, анда колдонулган ыкмалар боюнча ой пикирлер айтылды. А.С.Макаренконун ишмердүүлүгү менен заманбап педагог-новаторлордун тажрыйбалары салыштырылып, окшоштуктар жана айырмачылыктар белгиленди. Маалыматтар кызыктуу фактыларга, кароосуз калган балдар тууралуу цифраларга бай болду. Иш-чаранын мааниси, мазмуну келген коноктор тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, бул иш-чараны бүткүл университеттин деңгээлинде өткөрүү керек экендиги айтылды. Жыйынтыгында мыкты окулган баяндамалар үчүн студенттер көрүнүктүү педагог, илимпоз-профессорлордун колунан грамоталарды алышты.
- Куланбай кызы Мээрим Пед-2-16 группасынын студенти “Революционные идеи А.С.Макаренко”.
- Исаева Индира, Исманова Алия Пед-2-16 группасынын студенттери – Обзор и анализ х/ф “Педагогическая поэма” и “Республика ШКИД”.
- Майрамбек кызы Атыргуль ФМО-1-17 группасынын студенти – Идеи воспитания в повесте А.С.Макаренко “Флаги на башнях”.
- Субанбай кызы Альбина Пед-2-16 группасынын студенти “Сравнительный анализ идеи А.С.Макаренко с идеями современных педагогов”.
- Саттарова Мадина, Ташбалтаева Айзирек Пед-1-16 группасынын студенттери – “Келечекке карай кадам – биз каалаган мектеп (А.С. Макаренконун тажрыйбасынын негизинде)”.
- Абжалбекова Замира Пед-3-16 группасынын студенти – “Үмүттүн шооласы өчпөйт”.
Качкын уулу Алтынбек, Жуматаева А.С.