Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Юрфакта «Ч.Айтматов жана эне тил» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Юридикалык факультетте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата кыргыз тилинин практикалык курсу боюнча 1-курс студенттеринин арасында өткөрүлгөн «Ч.Айтматов жана эне тил» аттуу жат жазуу боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер «Данияр» (157 сөз), «Теңир-Тоо» (196 сөз) жана «Биринчи мугалим» (230 сөз) тексттеринин негизинде жат жазуу ишин аткарышты.

Орфографиялык ката кетирбей, тыныш белгилеринен минималдык ката кетирүү менен жазган иши үчүн баш байге 1-курстун студенти, Бишкек шаарынын № 91 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Жыргалбек кызы Ырыс баш байгеге ээ болду.

Жазуу ишинде жогорку сабаттуулугун көрсөтүшкөн Шакирова Айдана, Исмаилова Алтынай, Талантбекова Мадина, Темиркулова Айзат, Арстанбекова Алтынай, Усупжанова Алтынай жана Тынчтыкбекова Айдай кийинки орундарды ээлешип, факультет деканы Кынатбек Сманалиев аларды Ардак грамота, диплом жана Ч.Айтматов менен кытай адабияты боюнча китептер («Шанс» китеп дүкөнүнүн демөөрчүлүк колдоосунда) менен сыйлады.

01

02

03

04

05

06

07

09

10

11

12

Б.Ж.Касымалиев, К.Т.Токтоналиева - 

факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары