

Юрфактын окутуучулары менен 1-курс студенттери Ч.Айтматовдун үй музейинде болушту
16.03.2018 12:04
2018-жылдын 15-мартында юридикалык факультеттин 1-курс студенттери менен кыргыз, орус жана англис тил окутуучулары кыргыздын жана ааламдын жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесинин урматына улуу инсандын үй-музейине барышып, залкар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылык жолуна саякат кылып келишти.
Ч.Айтматов 1986-жылдан бери жашап келген бул үй-музейде агай-эжейлер жана студенттер улуу жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу ары кызыктуу, ары маалыматтуу, ары таң каларлык маалыматтар менен кабардар болушту. Алсак, Ч.Айтматовдун Луи Арагон, чыгармаларын немис тилине которгон Фридрих Хицер, о.э. мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен түшкөн сүрөттөрү, баа жеткис үй китепканасы, алган сыйлыктары чоң таасир берди.
Жазуучунун жаш кезинде ролик тепкени, бассейнде сүзгөнү, эс алуу учурунда чөп чапканы, таң заардан туруп чыгарма жазганы жана белгилүү адамдардын ар дайым анын үйүндө конокто болуп турушу да кызыктуу болду.
Б.Ж.Касымалиев, К.Т.Токтоналиева -
факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары