

СГИФтин бүтүрүүүчүлөрү профориентациялык иштерди жүргүзүүдө
15.03.2018 17:58
2018-жылдын 15-январынан 26-фералына чейин социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин социалдык иш багытында окуган 4-курс студенттеринин демлигеси менен региондордогу мектеп окуучулары үчүн "Билим кербени" деп аталган программанын негизинде көчмө семинарлар болуп өттү.
Программанын негизги максаты – абитуриенттерди туура багытты тандоого үндөө. Социология жана социалдык иш кафедрасынын студенттери Турганова Гулина жана Медербекова Нурила борбор калаабыздын жаңы конуштарында жайгашкан 5 орто мектептеринде жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 12 айыл аймагындагыорто мектептерге барышып, 1056 мектеп окуучуларына социалдык кызмат багыты жөнүндө жеткиликтүү маалымат берип, азыркы учурда талапка ээ кесиптердин бири экендигин мектеп окуучуларына жана ата-энелерге түшүндүрүп келишти. Негизги демөөрчүлөр: ата-энелер, районо, айыл өкмөттөрү, кафедранын профессордук-окутуучу курамы.
Учурда кафедранын бүтүрүүчүлөрү профессордук-окутуучу курам менен биргелешип "2018-жыл - региондорду өнүктүрүү жылына" карата Бишкек шаарында, Ыссык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарындагы мектептерде Билим–Кербени программасын улантууда.
Батма Кошбакова – илимий иштер боюнча декандын орун басары