Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери көрнөк-жарнактардагы каталарды талкуулашты


Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери көрнөк-жарнактардагы каталарды талкуулашты
14.03.2018 18:48
2018-жылдын 13-мартында башкы имараттагы кичи жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин “Из калтыр” билим жана маданиятты өнүктүрүү уюму “Окутуучунун лекциясы” аттуу иш чара өткөрүлүп, Кыргыз-Түрк Манас университетинен келген филология илимдеринин доктору, профессор Сагынбаева Бурул эже “Кыргыз тилинде көп кетирилген каталардын типологиясы” деген темада лекция өтүп берди.
Иш чаранын жүрүшүндө студенттер баяндамачыга көрнөк-жарнактардагы каталар боюнча суроолорду беришти. Лекция абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, катышуучулар терең ыраазычылыктарын айтышты.
Буркия Бекназарова