Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Кыргыз филологиясы факультетинде “Ааламдын көркү - аялзат” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү


Кыргыз филологиясы факультетинде “Ааламдын көркү - аялзат” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү
14.03.2018 16:48
2018-жылдын 6-март күнү кыргыз филологиясы факультетинин мырзалары “Ааламдын көркү - аялзат” аттуу маданий иш-чара өткөрүштү. Майрамдык кече мамлекеттик тил боюнча проректор С.Тиллебаев, факультет деканы Б.Жайлообаев жана профессор Э.Акуновдордун куттуктоо сөзү менен башталды.
Андан кийин факультеттин мырзалары айымдарды март майрамы менен куттуктап, гүл тартуулашты. Концерттик программа шаңдуу жана кызыктуу өттү.
Буркия Бекназарова