

Дүйнөнүн гүлү - айымдар!
07.03.2018 15:23
Физика жана электроника факультетинде Аялдардын бүткүл дүйнөлүк майрамына карата “Дүйнөнүн гүлү айымдар” аттуу маданий иш чара болуп өттү. Факультеттин мырзалары тарабынан даярдалган кечени декан Самат Токтогонов ачып, “Айымдар - бул биздин байлыгыбыз, түгөнбөс казынабыз, биздин келечегибиз. Келечек муунду тарбиялоо да ушулардын колунда. Ошондуктан, бардыгыбыз аялзатын сыйлайлы, урматтайлы жана кадырына жетели” – деп кайрылды.
Андан соң майрамдык концерт башталып, эркек балдар кызча кийинип, интермедия аткарганы жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү. Ошону менен бирге ырчылар ырдап, кыраан жигиттер кыргыздын кара жорго бийин бийлеп жиберишти. Айымдар арасында кызыктуу оюндар ойнотулуп, интелектуалдардын “Шамчырак” клубу тарабынан бүйүр кызыткан кызыктуу таймаш уюштурулду.
Соңунда факультеттин жигиттери жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктап, белектерин узатышып, жогорку маанай менен кечени жыйынтыкташты.
- Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
- Курманбеков Нурахим - жаштар комитетинин мүчөсү