

Математика жана информатика факультетинде Ак калпак күнү белгиленди
06.03.2018 15:50
2018-жылдын 5-март күнү математика жана информатика факультетинде Ак калпак күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү. Иш чаранын катышуучулары 6-окуу имаратынын ичинде калпакчан жүрүш жасап, сабактарга катышты.
Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жалпы кызматкерлери жана студенттер жааматы!
Сиздерди 5-март - Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сиздерге кааларыбыз - ак мөңгүлүү Ала-Тообузду сатпастан, илгертен бери турак жай катары колдонуп келе жаткан боз үйүбүздү, элечегибизди, калпагыбызды, комузубузду сактап жана о.э., эң башкысы, «кыргыз» деп бүткүл дүйнөгө таанытып жаткан кыргыз тилибиз эч качан өчпөсүн жана өчүрбөйлү.
Рахманкулов Бактияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары