

Кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрү белгиленди
06.03.2018 14:51
2018-жылдын 3-мартында кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.
Факультет деканы Алайбек Шамшиев Мамлекеттик туунун 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилгенин, желектин авторлорун жана анын чечмеленишин айтып, маалымат технологиялары колледжинин студенттерин жана гимназиянын окуучуларына өлкөбүздүн символдорына сый мамиле кылууга жана патриот болууга үндөдү.
Иш чаранын соунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ырдалып, Мамлекеттик туусу желбиреди.
Аталган датага карата кураторлор тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоу» боюнча сабактан тышкаркы ачык сааттар өткөрүлдү.
Ал эми 5-март күнү Ак калпак майрамын факультеттин алдындагы гимназиянын окуучулары концерттик программа менен белгилешти.
Факультет деканы Алайбек Шамшиев жыйындын катышуучуларын Ак калпак майрамы менен кызуу куттуктап, ак калпактын тарыхына токтолду. Анын айтымында, кыргыз өмүрү 35-40 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой. Ак калпак - кыргыз элинин символу, ата-бабабыздан калган мурас. Биздин баш кийим кийизден жасалып, ар муунга арналган, кышкысын сууктан сактап, жайында ысык өткөрбөй коргоп турат. - Кыргыз элин тааныта турган өзгөчө белгилер - бул калпагыбыз жана тилибиз. Калпакты башыбыздан түшүрбөй, даңктап жүрөлү, - деп сөзүн жыйынтыктады Алайбек Шамшиев.
Андан кийин гимназиянын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерт болуп, кыздар кыргыз бийин бийлеп, ак калпак түрлөрүн көрсөтүшүп, өздүк чыгармаларын көркөм окушуп, комуздун коштоосу менен ырларды аткарышып, соңунда маалыматтар техгологиялар колледжинин студенти «Кыргызстан» деген ыры менен салтанаттуу кечени жапты.
Бермет Бейшеналиева - факультеттин менеджери