Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физика жана электроника факультетинде «Улуу педагог-жазуучуларга таазим»" аттуу семинар болуп өттү

2018-жылдын 1-март күнү физика жана электроника факультетинде Ы.Абдракманов менен А.С.Макаренконун 130 жылдык маарекелерине арналган «Улуу педагог-жазуучуларга таазим»" аттуу семинар болуп өттү. Интеллектуалдардын «Шамчырак» клубу тарабынан уюштурулган иш чарада Кыргызстан педагогдор коомунун төрагасы, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор, о.э. аталган клубду түзүү идеясынын автору Мамбетакунов Эсенбек баяндама жасады.

Ал адегенде «Шамчырак» клубунун аталышын чечмелеп, анын негизги максатын түшүндүрүп, андан соӊ Ы.Абракманов менен А.С.Макаренконунун педагогика тармагына кошкон салымдарын, алардын өмүр таржымалын жана эмгек жолдорунун окшоштук жактарын кенен баяндоо менен, жаштарга жана мугалимдерге педагогика илиминдеги ийгилик сырларын ачып көрсөттү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө факультет деканы С.Токтогонов ж.б. бир катар мугалимдер жана студенттер Эсенбек агайга суроолорун узатышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш чаранын соӊунда интеллектуалдардын «Шам чырак» клубу тарабынан Эсенбек Мамбетакуновичке ыраазычылык баракчасы тапшырылып, семинарды жогорку деӊгээлде өткөргөндүгү жана жаштардын өнүгүүсүнө чоӊ салым кошкондугу үчүн агайга тереӊ ыраазычылык билдиришти.

01

02

03

05

06

08

10

11

12

13

15

Эсенаман кызы Гулсара - «Шамчырак» клубунун катчысы