Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педфакта «Тил улуттун жүзү» аттуу курултай өткөрүлдү

Педагогикалык факултетте Эне тилдин эл аралык күнүнө карата элдер достугун эне тил аркылуу чыңдап, студенттерге тарбия берүү максатында «Тил улуттун жүзү» аттуу курултай формасындагы майрамдык иш чара өткөрүлдү. 

Курултайга факультетте окуган ар кайсы улуттагы студенттер катышып, өз улутунун ырлардан ырдап, бийлерин бийлешти. Иш чарага Кыргызстан эл аралык университетинин студенттери конок катары чакырылып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Факультет деканы Р.Т.Сулайманова, кафедра башчысы К.К.Сураналиевалар жалпы эмгек жамаатын жана студенттерди бүгүнкү майрам менен куттукташып, иш чаранын уюштуруучуларына (ага окутуучулар А.Айдаралиева, Н.Исеналиева, Э.Дүйшөмбиева жана окутуучу А.Сапынова) жана катышуучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

01

02

Тахмина Сандыбаева