

Педфактын студенттери Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсүнө катышып келишти
02.03.2018 11:39
2018-жылдын 28-февралында педагогика факультетинин 1-курс студенттери жана магистранттары Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада кыргыздын туңгуч агартуучусу, тарыхчы-этнографы, акын, адабиятчы, фольклор жыйноочусу жана мамлекеттик ишмери Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсүнө катышып келишти.
Иш-чарага профессор Кыяс Молдокасымов, Кыргыз эл акыны Сейит Жетимишев. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Аскар Беделбаев, жазуучу, драматург, публицист Бактыбек Максутов жана Темиркан Үсөнов сыяктуу белгилүү агайларыбыз катышып, Белек Солтоноев жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Жазгүл Дөөлөтбекова — педагогика факультетинин магистранты