Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын студенттери Ооган согушунун ардагерлери менен жолугугшту

2018-жылдын 26-февралында №6-окууимаратынын 113-дарсканасында математика жана информатика факультетинин студенттик кеңеши «Ооганстан - айыкпаган жара» аттуу кече өткөрүп, иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери Кадыр Уметов менен Алайбек Шамшиевдер чакырылды.

Жыйынды факультеттин деканы, профессор Темиров Бекжан куттуктоо сөзү менен ачып, ардагерлерге белек тапшырды.

Кадыр агай аталган согуштун ардагерлер кеңешинин аткарган функциялары, ооган жеринде болгон окуялар жөнүндө, о.э. ардагерлердин 1999-жылкы Баткен окуясында, 2005-жана 2010-жылдардагы революция учурунда жана Ош, Жалал-Абад окуяларында биринчилерден болуп элибиздин тынчтыгы үчүн тикеден-тик турганды тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин студенттери о.э. Советттер Союзунун баатыры Юрий Исламов атындагы студенттер үчүн стипендия, «Мээримдүү эне» медалы тууралуу кабардар болушту.

Жолугушуу аяктаган соң, интернационалист-жоокерлерди эскерүү максатында спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Жолугушуу студенттердин мекенчилдик сезимин дагы бир жолу ойготуп, тынчтыкты сактоо - жашап жаткан коомдо эң негизги нерсе экендигин далилдеди.

01

02

03

04

05

Рахманкулов Бактияр – тарбия иштери боюнча декандын орун басары