Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата концерттик программа өткөрүлдү


Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата концерттик программа өткөрүлдү
27.02.2018 15:10
Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата концерт өткөрүлдү. Факультет деканы профессор Камчыбек уулу Мырзабек, кафедра башчысы доцент Т.Б.Абыкеева-Султаналиева чогулгандарды 23-февраль менен куттукташты. Студенттер Мекенге, жоокерлерге арналган патриоттук ырларды ырдап, бий бийлешип, театрлаштырылган сценкаларды көрсөтүштү.
Иш-чара «Философия, маданияттын тарыхы жана теориясы» кафедрасынын ага окутуучусу С.СГапаров, окутуучу А.К.Исмаилова тарабынан уюштурулуп, аны өткөрүүгө Ф-15 жана К-15 группасынын студенттери активдүү катышты.
Кечени 3-курс студенттери Сооданбек уулу Эрлан жана Санжыраева Айназик алып барды.