

КУУнун гимназиясы Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу концерт өткөрдү
26.02.2018 16:05
2018-жылдын 26-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы гимназия тарабынан "21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнүнө" жана чет тилдер декадасынын жабылышына арналган салтанаттуу концерт өткөрүлдү.
Сценарий боюнча гимназияга 6 өлкөдөн келген коноктор англис, немис, француз, кытай, жапон жана түрк тилдеринде өз өлкөсүнүн каада-салттарын жана маданиятын чагылдырган прензентацияны тартуулашып, ыр, бийлерди, сценкаларды аткарышты жана улуттук кийимдерди көрсөтүштү.
Жыйындын соңунда гимназия башчысы Гулназ Нуралиева жана Концуфий институтунун кытай тараптан директору Ан Дэюань окуучуларга ийгилик каалап, чет тилдерин, о.э. эне тилин окуп-үйрөнүүгө чакырышты.
Бермет Бейшеналиева - факультеттин менеджери