

Математиктерди эне тилдин эртеңкиси ойлонтот
22.02.2018 19:27
Математика жана информатика факультетинде Эне тилдин эл аралык күнүнө карата кече өткөрүлдү. Иш чаранын катышуучуларын тил майрамы менен тарбия иштер боюнча декандын орун басары Рахманкулов Бактияр куттуктап, «эң башкысы – кыргызды бүткүл дүйнөгө таанытып жаткан эне тилибиздин эч качан өчпөсүн жана өчүрүлбөшүн камсыз кылуу зарыл» экендигин белгиледи.
Кеченин жүрүшүндө студенттер эне тилге карата улуу сезимдерин чагылдырышты. Алар өз таланттары менен көрүүчүлөрдүн улуттук сезимдерин козгосо, 3-курстун студенти Усаров Нурмухаммед коомдогу терс көрүнүштөргө токтолуп, аны терең талкууга алды.
Факультет студенттери о.э. 2018-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чарадагы көркөм окуу, улуттук кийим, ыр жана бий боюнча сынакка катышты. МжИФ студенттерине түрк тили берилген болчу. Калыстардын чечими менен «көркөм окуу» номинациясы боюнча факультеттин 1-курс студенти Абышев Ислам 1-орунду ээлесе, «Ыр, бий» номинациясы боюнча 1-курс студенттери Исабекова Назира, Бердибаева Улара жана Төрөбекова Сезим түрк бийин аткарышып, 1-орунга ээ болушту.
Турганбаев Бексултан - факультеттин студенттер кеңешинин төрагасы