Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфакта Мекенди коргоо күнү белгиленди

2018-жылдын 22-февралында математика жана информатика факультетинде Мекенди коргоо күнү белгиленди. Иш чарага дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, «кармаш-уруш» жана ММА версиясы боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт чакырылды.

Жолугушууну өткөрүүнүн негизги максаты - студенттердин патириоттук сезимин ойготуп, Мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү болчу.

Иш чараны тарбия иштери боюнча декандын орун басары Рахманкулов Бактияр куттуктоо сөзү менен ачып, Бакыт агайдын жетишкендиктери жөнүндө айтып, мындай жолугушуулар жаш студент-спортсмендердин чоң-чоң ийгиликтерди жаратуусуна түрткү берээрин белгиледи.

Белгилеп кетчү нерсе, Кадыров Бакыт - эрежесиз уруштун MMA версиясы боюнча 2015-жылдын Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилигинде коло медалдын, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн дүйнө кубогунда алтын медалдын ээси, Дели шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин чемпиону, 2017-жылы Баку шаарында өткөн греплинг боюнча Азиялык оюндардын чемпиону, 2018-жылы Тбилиси шаарында өткөн эрежесиз мушташтын «Ultimax» MMA версиясы боюнча дүйнө чемпиону.

Бакыт мырза Индиядагы мелдешке чемпион болуу үчүн эмес, өзүнүн теңтайлашы Россиялык мушкерди жеңүү үчүн барганын айтып, жолугушуунун уюштуруучуларына өз ыраазычылыгын билдирип, студенттер менен мындай жолугушуу ага күч кубат берерин баса белгиледи.

01

 

02

03

04

Асылбеков Кемел – старосталар кеңешинин төрагасы