Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Профессор Ж.Чыманов КУУнун, КМУнун жана БГУнун бүтүрүүчүлөрү үчүн лекция өттү


Профессор Ж.Чыманов КУУнун, КМУнун жана БГУнун бүтүрүүчүлөрү үчүн лекция өттү
19.02.2018 14:29
2018-жылдын 13-февралында кыргыз филологиясы факультетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Чыманов Жеңишбек Арыпович “Филологиялык билим берүүнүн талаптары” деген темада лекция өттү.
Сабакка факультеттин эле бүтүрүүчү курс студенттери эмес, И.Арабаев атындагы КМУнун жана БГУнун студенттери да келип катышты.
Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар, б.а. “Из калтыр” билим жана маданиятты өнүктүрүү уюмунун мүчөлөрү, тарабынан Жеңишбек агайга кызыктуу лекция өтүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык айтылды.
Буркия Бекназарова