Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККФ колледжинин студенттери кайрымдуулук иш-чараcын өткөрүштү

2018-жылдын 15-февраль күнү ККФ колледжинин ПДВ-1-16 группасынын студенттери өздөрүнүн окутуучусу менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Алар Ак-Ордо конушундагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн абалы менен таанышып келишти.

Нурбек Нурбатча уулу менен Кайкиева Гүлжандын үй-бүлөсү бир бөлмөлүү кичинекей, топурактан эптеп тургузулган тамда 6 баласы менен жашайт. 9 жаштагы уулу менен 7 жаштагы кызы Сокулук районуна караштуу мектептердин биринде окушат, эӊ кенжеси 1,5 жашта. Үй-бүлө башчысы ар кайсы кара жумушта иштеп келет, келинчеги - кош бойлуу.

Гүлжан эженин айтымында, 6 жашар кызы Аделина абдан окууну калайт, бирок шартка байланыштуу мектепке барбайт. Ал күндө мектепке качан бараарын сурайт. Ата-энеси документтер даяр боло электигин айтып тим болушат.

Студенттер бул үй-бүлө тууралуу интернет булактарынан маалымат алышып, жардам берүүгө демилге көтөрүшкөн. Нан, чай, май, сүт, айран, жер-жемиштерден тышкары, кир жуучу каражаттар, балдарга таттуу, жомок китепчелерди жана оюнчуктарды студенттер өздөрү чогулткан каражатка алып барышты.

Дарбазадын эле жаркылдап тосуп алган Гүлжан эже ушул үйгө да шүгүр деп жашап жатканын айтты. Анткени, буга чейин алар ар кайсы тарабынан жел урган чатырда күн өткөрүшкөн экен.

Студенттер аз да болсо бир үй-бүлөнүн көӊүлүн көтөрүп, колунан келген жардамдарын берип келишти.

01

03

04

05

06

А.Эрмекбаева - колледждин окутуучусу