

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде дебаттык турнир болуп өттү
13.02.2018 16:50
2018-жылдын 12-февраль күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде «Mix cup» аталышындагы дебаттык турнир болуп өттү.
Студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, аларды аудиторияда эркин сүйлөөгө үйрөтүү жана мыкты дебатерлорду тандоо максатында уюштурулган сынакка калыс баасын берүү үчүн факультет деканы Кундуз Базакеева, кафедра башчысы Издевалды Искаков жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кадыр уулу Алмаз чакырылды.
Жеңүүчүлөргө кубок жана грамоталарды тапшырып жатып, декан менен кафедра башчысы турнир мыкты деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, мындан ары да ушундай иш чараларга ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн айтышты.
Т.Сатыбалдиев - факультеттин студенттер кеңешинин төрагасы