

Педфакта «Терроризм, экстремизм деген эмне жана жаштардын коомдогу орду» деген темада тарбиялык сабак өтүлдү
08.02.2018 14:30
2018-жылдын 7-февралында №6А-окуу имаратындагы жыйындар залында Кыргызстан ислам университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешенин төрага орунбасары Марс Ибраев педагогика факультетинин студенттерине «Терроризм, экстремизм деген эмне жана жаштардын коомдогу орду» деген темада тарбиялык сабак өттү.
Марс Ибраев жаштарды мамлекетке, коомго, кыргыз элинин када-салтына жана тилине туура көз карашта болууга, ар кандай кыймылдарды, уюмдарды ээрчибөөгө чакырып, экстремизм, терроризм тууралуу кеңири маалыматтарды берди.
Аталган иш-чара факультеттин деканы Рахат Сулайманованын кайрылуусу менен, мурдатан түзүлгөн иш-пландын негизинде өткөрүлдү.