

Физика жана электроника факультетинде физика боюнча олимпиада өткөрүлдү
06.02.2018 10:43
Физика жана электроника факультетинде физика предмети боюнча олимпиада өткөрүлдү. «Шам чырак» интеллектуалдык клубу тарабынан уюштурулган бул иш чарага 1-курстан 4-курска чейинки студенттер катышты. Олимпиалда үч турда өттү: 1-тур тест түрүндө, 2-тур логикалык суроо-жооп, 3-тур маселе чыгаруу.
1-турга 31 студент катышып, алардын арасынан 9 студент кийинки турларга жолдомо алышты. 2,3-турдун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, 29-январь күнү факультеттин деканы доцент Самат Токтогонов, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Элизат Бакирова жана аталган клубдун жетекчиси Төлөгөн уулу Мирбек тарабынан сыйланышты.
- 1-орун: Нурбек уулу Алмазбек (4-курстун студенти ). Сыйлыгы 2000 сом, грамота жана “Шоокум” журналы
- 2-орун: Уланбек кызы Айым (2-курс). 1000 сом, грамота жана “Шоокум” журналы
- 3-орун: Нурбекова Милан (1-курс). 500 сом, грамота жана “Шоокум” журналы.
Олимпиадага жигердүү катышкан калган 6 студент 200 сом, грамота жана “Шоокум” журналы менен сыйланышты.
Эсенаман кызы Гүлсара - “Шам чырык” клубунун катчысы
* * *
“Шам чырак” клубу тууралуу кыскача маалымат
"Шам чырак" клубу 2017-жылдын ноябрь айында студенттерге коомдогу биримдикти жаратуунун жана бекемдөөнүн зарыл шарты болгон таалим-тарбия берүү максатында түзүлгөн. Атына заты жарашкан бул клуб студенттерди туңгуюкка жана караңгылыкка бастырбай, алдына шам чырак сыяктуу жарык чачып туралы деп, студенттерге мативация бере турган жакшы иш чараларды жүргүзүүдө. Мисалы, ар бир жекшемби күндөрү “Шанс” китеп дүкөнүндө кыргыз элине эмгеги сиңген белгилүү инсандар менен семинарларды уюштуруп келүүдө. Андан сырткары бүгүнкү күндө техниканын өнүккөн заманында социалдык тармактарды (ватсап, одноклассник, фейсбук, инстаграмм) туура жолго пайдалануу максатында “ватсап” аркылуу кызыктуу суроо-жооп оюндарын өткөзүүдө.
Физика боюнча олимпиада да жогоруда айтылган максатка ылайык өткөрүлдү.