Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун журналистика бөлүмунун алгачкы бүтүрүүчүсү Ильгиз Гильязетдинов 80 жашка чыкты

Бул мааракеге арналган салтанаттуу иш чара 2018-жылдын 26-январында А.Осмонов атындагы улуттук китепканада өткөрүлдү.  Журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева Ильгиз агайга КУУнун ректору К.Садыковдун атынан куттуктоо катын тапшырды. 

Куттуктоодо төмөндөгүлөр айтылат:

"Урматтуу Ильгиз Талипович!

Элибиздин улуу ойчулу Жусуп Баласагын “Адамды эки нерсе картайтпайт, бири – жакшы мүнөз, экинчиси  - жакшы сөз” деп белгилептир. Сиздин ар дайым жаркып турган маанайыңыз, жагымдуу мүнөзүңүз,  шайдоот басыгыңыз, жакшы иштин артынан түшкөн дилгирлигиңиз айтылган сөздөрдүн тууралыгын далилдеп турат.

Кыргыз эли Сиздин  турмушка жакын  повесть, аңгемелериңизди, жан сырыңызды төккөн ыр саптарыңызды толкунданып, сүйүп окуп жүрөт. Сиздин  котормоңуз аркылуу орус, казак, татар, дунган, дагестан  элдеринин, байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштык, улуттук адабиятыбыз байыды. 

Ал эми кыргыз журналистикасына кошкон салымыныз өзүнчө кеп. Өз кесибиңиздин ар кыл тармагында жаратмандык менен аракеттендиңиз. Сиз даярдаган бир катар адабий-музыкалык радио жана телепрограммалар КТРКнын “Алтын казынасында” сакталып турат. “Чалкан” журналындагы ишмердүүлүгүнүз сатиралык жанрларда “Гильязетдиновдун ыкмасын” тартуулады. Коомдун күрөө тамырын кармап тургандай жазылган публицистикалык макалаларыныз дагы өзгөчө орунда.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Сиздей бүтүрүүчүсү менен ар дайым сыймыктанат.

Бай тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, кеменгер кеп-кеңештериңизди берип, чың ден соолукта болуп, ар дайым арабызда болуңуз!

Үй-бүлөңүзгө бакубаттуулук, түгөнбөгөн жакшылыктарды каалайбыз! Дөөлөтүңүз артып, ырыскыңыз кемибесин!"

Жыйынга о.э. факультеттин студенттери жана улук окутуучусу Жыргал Сакыбаева катышты.

01

02

03

04

05

06

07

press knu 2018 000