Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Джунгбу университетинин департамент башчысы ЭАМжЧТ факультетинин студенттери менен жолугушту


Джунгбу университетинин департамент башчысы ЭАМжЧТ факультетинин студенттери менен жолугушту
19.01.2018 18:15
2018-жылдын 17-январь күнү эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков Түштүк Корея Республикасынын Джунгбу университетинин эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Мин Хи мырза менен жолугушту. Андан кийин Мин Хи мырза Эл аралык байланыштар жана чыгыш таануу факультетинин студенттерине Джунгбу университетиндеги стипендиялык программалар жана Корея университеттериндеги окуу системасы жөнүндө маалымат берди.
Жолугушууда о.э. эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү масалелери талкууланды.