Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ИИМдин подполковниги журфактын студенттерине терроризм, экстремизм жана радикализм тууралуу айтып берди

2018-жылдын 16-январында башкы имарттагы кичи жыйындар залында ИИМдин экстримизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттешүү башкармалыгынын кызматкери, подполковник Аманбаев Манас журналистика факультетинин 1-курс студенттерине_түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйын өткөрдү.

ИИМдин өкүлү студенттерге террористик уюмдар, алардын жасаган кылмыштуу иштери, тараткан маалыматтары, о.э._экстремизм жана радикализм_тууралуу айтып берди. Андан соң студенттерге видео ролик көрсөтүлүп, суроо-жооптор берилип, талкуу менен жыйын аяктады.

Жыйындын башкы максаты - терроризмге жана экстримизмге каршы күрөшүүдө ар бир адамдын темирдей бекем эрки,_күчү керектигин коомчулукка жеткирүү жана кайдыгерлик кылбай жогорудагы маалыматтар менен бөлүшүү болду.

01

02

03

04

05

press knu 2018 000