Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Дин таануу жана теология кафедрасынын жамааты Жаңы жылды тосуу аземин өткөрдү

2017-жылдын 27-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин дин таануу жана теология кафедрасынын жамааты Жаңы жылды тосуу аземин өткөрдү.

Факультет деканы Камчыбек уулу Мырзабек, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Алиева А. жана кафедра башчылары: Асипова Н.А., Салморбекова Р.Б., Абыкеева-Султаналиева Т.Б. профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерди Жаңы жыл менен куттуктап, 2018-жылы жакшы ийгиликтерге жетүүнү каалашты.

Андан кийин, болочок дин таануучулар ар кандай жанрдагы ырларды, улуттук жана чыгыш бийлерин, тама-шоу жана Аяз-ата, Аяз-кыз коштогон ар түрдүү оюндарды камтыган концертик программа тартуулашты.

Аземди аталган багыттагы 4-курс студенти Сырымбетов А. жана 3-курс студенти Шамиль кызы У. алып барышты.

press knu 2017