

СГИФ окутуучусу Рахат Турдубаева Ч.Айтматовдун чыгармаларында инсандык кѳйгѳйлѳр, сезим жана эмоциянын берилиши боюнча ачык сабактарды өттү
15.12.2017 13:44
2017-жылдын 14-декабрында социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучусу Рахат_Турдубаева_чет тилдер факультетинин Н-1-16, А-1-16, А-2-16, Ф-1-16 жана ЛФК-1-16 группаларынын студенттерине психология сабагынан «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында инсандык кѳйгѳйлѳрдүн берилиши» деген темада ачык сабак ѳттү. Сабакта улуу жазуучунун чыгармасындагы маӊкуртчулук_кѳйгѳйү каралып,_студенттер арасында кызуу талкууну жаратты.
Окутуучу жаӊы инновациялык методдордун жардамы менен жан дүйнѳнүн жардылыгы, ааламдашуу процессиндеги ийгиликтер_адамдын ѳзүнѳ кедергисин тийгизээрин айтты.
Сабакка катышкан СГИФтин деканы Камчыбек уулу Мырзабек учурдагы мезгил талабы - адамдын адам болуп кетиши менен жаӊы бийиктиктерди багындыруусу экенин айтты. Ачык сабаккка катышкан мугалимдер сабак кызыктуу болуп, ѳз максатына жеткенин билдиришти.
Ал эми «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында сезим жана эмоциянын берилиши» деген темадагы ачык сабак 2017-жылдын 11-декабрында_кыргыз филологиясы факультетинин КТАОМк - 2 группасынын студенттери үчүн өтүлдү.
Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин_окутуучусу Рахат_Турдубаева улуужазуучунун_«Жамийла» жана «Ак-Кеме» чыгармаларындагы каармандардын сезим жана эмоцияларына токтолуп, студенттер арасында кызуу талкуу жаралды.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлор азыркы заман үчүн ѳтѳ актуалдуу болуп, адамзатты акыл эске, сезимге, маданиятты кѳтѳрүүгѳ чакырып тургандыгы менен кѳӊүлдү бурат. Талкуулар ѳтѳ кызыктуу болуп, сабак ѳз максатына жеткенин мугалимдер билдиришти.