

Кыргыз-кытай колледжинин жамааты Чыңгыз Айтматовдун 89 жылдыгына карата адабий кече өткөрдү
14.12.2017 09:56
2017-жылдын 12-декабрь күнү кыргыз-кытай факультетинин алдындагы колледждин жамааты башкы имараттагы чоң жыйындар залында Чыңгыз Айтматовдун 89 жылдыгына жана "Адабият күнүнө" карата адабий кече өткөрдү.
1-курста окуган 150 студент катышкан жыйында Ч.Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу катары жараткан ийгиликтери,_дүйнөлүк тилдерге которулган чыгармалары тууралуу кеңири маалыматтар айтылды.
Маданияттын мыкты кызматкери Сааадат Муратова тарабынан даярдалган адабий кеченин соңунда улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” жана “Акбаранын көз жашы” фильмдеринен үзүндүлөр көрсөтүлүп, “Чыңгыз кетти дүйнөдөн” деген ыр аткарылды.
М.Тезекбаева - тарбия иштери боюнча декандын орун басары