Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физфакта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

Физика жана электроника факультетинде 12-декабрь күнү даанышман инсан, чебер калемгер Ч.Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Алгач залдагы көрүүчүлөр ордунан туруп, эскерүү жасашты. Андан соң, кечени салтанаттуу ачуу үчүн факультет деканы Токтогонов Самат агайга сөз узатылды. Ал өз сөзүндө: “Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктагым келип турат. Себеби, бүгүнкү күндү өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп, кыргыздын кызыл датасына кошкум келди. Мындан 89 жыл илгери, бир кезде Азия арстандары болгон кыргыздын таалайына жарык нур, аткан таң тартуулап Айтматовду алып келген. Ошол жарык таң бүтүндөй дүйнөгө өз изин калтыра алды десем эч жаңылышкан болбойм” – деп айтты. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган обондуу ырлар менен факультеттин кымча бел кыздары бийлеп, өнөрлөрүн тартуулап жатышты.

Факультетте түзүлгөн “Асыл ой физиктер” клубунун жетекчиси жана жалпы мүчөлөрү “Биз физиктер жалаң гана физиканы окуп, андагы терминдер жана закондор менен чектелип калбастан, адамдын руханий дүйнөсүн азыктандырып, демине - дем кошо турган адабиятка көңүл бөлүшүбүз керек. Дагы айта кетчү нерсе: ушундай улуу инсандарыбызды жана алардын чыгармаларын эл арасына жайылтуу биздин бирден-бир эң негизги максатыбыз. Ошол себептүү Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата анын чыгармалары боюнча “Окуу таймашын” өткөрдүк.

Бул таймашта алдынкы орунду алган 2 студент өздөүнүн монологдорун элдин алдында аткарып беришти. Майсалбектин каты окулганда элдеррин көздөрүнөн жашы кылгырып, айрымдарынын муундары бошоп, көз жашын кармана албагандар да болбой койгон жок. Ал эми “ Кыямат” романынан Базарбайдын ролун, аткарган артисттен да жогорку деңгээлде аткарган студент үчүн болгон элдин кол чабуулар залды жаңыртып турду.

Факультет деканы Токтогонов Самат агай, филология факультетинен чакырылган калыстар тобунун төрайымы Мамбетова А.К. жана тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бакирова Э.М. конкурста байгелүү орун алгандарга мактоо баракчасы менен сыйлыктарды тапшырышып, бул клубдун түзүлгөнүнө аз болсо дагы ушунчалык зор иштерди уюштурушкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аары да ийгиликтерди каалап кетишти.

01

02

03

04

Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Курманбеков Нурахим - жаштар комитетинин мүчөсү