

Журфакта "Кызыл алма” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды
13.12.2017 10:59
2017-жылдын 12-декабрь күнү журналистика факультетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун_89 жылдыгын утурлай_эссе жазуу боюнча_“Кызыл алма” аталышындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүүлөргө дипломдор тапшырылды._Иш чарага факультет деканы Айна Дуйшекеева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдиламит Матисаков (сынактын башкы калысы), факультеттин жамааты жана студенттери катышты.
Эссе жазуу боюнча_“Кызыл алма” сынагынын жеңүүчүлөрү:
- 1-даражадагы дипломо: Мажитов Арген
- 2-даражадагы диплом: Жапаркулова Айтурган
- 3-даражадагы диплом: Кочкорбай кызы Анара
- "Креативдүү мамиле: аттуу диплом: РекСО-1-15 тайпасы
- "Активдүү катышкандыгы үчүн" аттуу диплом: Акылбек кызы Зыйнат.
Белгилей кетсек, сынактын ар бир катышуучусу Ч.Айтматовдун каалаган чыгармасынын негизинде өзүнүн ой толгоосун берүүсү керек болчу. Ал эми "Креативдүү мамиле" деген номинациядагы жеңүүчүлөр атайын видеоролик жасап келишкен.
"Залкар жазуучунун чыгармачылыгын таануудагы дагы бир кадам" десе боло турган иш-чаранын соңунда студенттер тарабынан тартылган “Маңкурт” тасмасы көрсөтүлдү.
Бул сынактын уюштуруучусу жарнама жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын башчысы Бегай Максутова болду.
Жылдыз Туратбекова