Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфактын жамааты Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп келишти

2017-жылдын 11-декабрь күнү журналистика факультетинин деканы Айна Дуйшекеева, окутуучулары Нурзат Байзакова, Зарыл Алымбаева жана 1-2-курс студенттери ааламга атагы чыккан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 89 жылдыгына карата Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, анын эстелигине гүл коюп, эскерип келишти.

Андан соң, Үркүндө курман болгондордун жана Апрель революциясынын баатырларынын урматына да куран окулуп, комплекстеги музейге кирип, айрым маалыматтар менен таанышышты.

Бул иш чаранын эң башкы максаты - элине эмгеги сиңип, тоо көтөргүс кызмат кылган, эли-жери үчүн жанын берген чыгаан атуулдарыбызды унутпай, аларды барктап, даңктоо.

00

02

03

04

05

06

07

08

09

10

Акмарал Анарбекова - факультеттин_2-курс студенти