

Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 89 жылдыгы белгиленди
11.12.2017 15:31
2017-жылдын 8-декабрь күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 89 жылдыгына арналган “Адамга эңкыйыны - күн сайын адам болуу” темасында иш-чара болуп өттү.
Академик А.Ч.Какеев катышкан жыйынды педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.д., проф. Н.А.Асипова ачып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык идеялар боюнча өтө маанилүү бет ачар жасады.
Ч.Айтматовдун айылдашы, философия кафедрасынын доценти А.К.Абитеков улуу замандашы жөнүндө салмактуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Доцент Ч.И.Сааданбекова коллективдүү эс тутум - бул адамдын узакка жашай беришине өбөлгө экенин белгиледи.
Доцент К.Т.Түркманов Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сүйүү темасы боюнча кызыктуу доклад жасады.
Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Д.А.Айтымбетова өзүнүн жана студенттеринин чыгармачылыгы менен теманын маңызын ачып, “миң уккандан, бир көргөн артык” демекчи, аалам уулу Чыңгыз атабыздын чыгармаларындагы адеп-ахлакты кадимки театрдагыдай сахналаштырып, келечек ээлери болгон жаштардын эл керегине жараган, нагыз адам болуп калыптанышына, табигат тартуулаган шык-жөндөмүнүн өсүшүнө шарт түзүштү.
Алиева А.А. -_тарбия иштери боюнча декандын_орун басары