Түзүм жаңылыктары
Кыргыз филологиясы факультетинде «Кыргызстандагы коррупция жана аны пайда кылуучу факторлор» темасында ачык сабак өтүлдү
Кыргыз филологиясы факультетинде «Кыргызстандагы коррупция жана аны пайда кылуучу факторлор» темасында ачык сабак өтүлдү
11.12.2017 15:20
2017-жылдын 8-декабрында_кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын ага окутуучусу Бурулсун Бабашева КУУда өтүп жаткан «Коррупцияга каршы күрөш» жумалыгынын алкагында_3-курс студенттери үчүн «Кыргызстандагы коррупция жана аны пайда кылуучу факторлор»_темасында ачык сабак өттү._Сабакта_коррупцияга жол берүүчү фаворитизм, лоббизм, непотизм, протекционизм сыяктуу өбөлгөлөрдү мисалдар аркылуу_түшүндүрүп берди.
Андан сырткары, учурда саясий, административдик жана чарбага байланышкан коррупциялардын курч экендигин,_алар калктын теңсиздигине жол ачып бара жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
Сабакта студенттер да_коррупция көрүнүштөрү тууралуу өз пикирлерин айтышып, келечекте бул көрүнүштүн түп-тамыры менен жок болоруна ишенерин билдиришти.


![]()