

КУУнун студенттери - «Универ шоу» программасынын кийинки баскычына жолдомо алышты
05.12.2017 13:15
2017-жылдын 1-декабрында КУУнун студенттери Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин студенттери менен «Марал» радиосунун «Универ шоу» программасында кездешип,_өз өнөрлөрүн таартулашты. Жыйынтык угармандардын социалдык тармактар же СМС аркылуу жиберген добуштары_жана “Марал” радиосунун жамаатынан түзүлгөн калыстар тобу тарабынан чыгарылды.
Жыйынтыгында КУУнун студенттери жеңишке жетишип, демөөрчүлөрдүн кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышты жана, башкысы, “Универ Шоу” программасынын кийинки баскычына жолдомо алышты.
Эскерте кетсек, КУУнун атынан география, экология жана туризм факультетинен_Асанбеков Атайбек, кыргыз филологиясы факультетинен_Шакирова Элнура жана чет тилдер факультетинен_Толубай уулу Кудайберген_катышты.
PS:
«Универ Шоу» - "Марал радиосундагы университеттер аралык таймаш.
Анарбекова Бегимай - тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координатору