Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККДжКЖ факультетинин алдындагы гимназияда "Эл аралык коррупцияга каршы күнүнө" арналган тегерек стол болду

2017-жылдын 1-декабрь күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы гимназияда "Эл аралык коррупцияга каршы күнүнө" арналган тегерек стол болду. Иш-чара гимназияда өтүп жаткан "Тарых, адам жана коом жумалыгынын" алкагында жана "КУУдагы коррупцияга каршы жумалыктын" алкагында 10 жана 11-класстар үчүн өттү.

Окуучулар "Коррупция" деген сөздүн келип чыгышы, таралышы, коомго тийгизген терс таасирлери, кайсы тармактарда көбүрөөк өнүккөндүгү жана аны түп тамырынан арылтуу маселелери боюнча кызуу маек курушуп, плакаттардын, көрсөтүлгөн видео тасманын үстүнөн да талкуу жүргүзүштү.

Иш-чаранын соңунда коррупциянын үстүнөн сот процессин өткөрүү боюнча сценканы көрсөтүштү.

01

02

03

Бейшеналиева Бермет - факультеттин менеджери