Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Экономика факультети 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү

2017-жылдын 1-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында экономика факультети 1-курс студенттерин тосуп алуу аземин өткөрдү. Маарекени куттуктоо сөзү менен КУУнун окуу бөлүмүнүн башчысы Усенов Э.К. ачып берди.

Андан соң сөз кезеги декандын окуу иштери боюнча орун басары Касымов А.Х, о.э. кафедра башчыларына берилди.

Салтанаттуу азем факультеттин студенттик сенаты уюштурган концерттик программа менен коштолду. Студенттерге Ала-Тоо университетинин, Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын өкүлдөрү, “Агама” бийчилер тобу жана факультеттин таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

01

02

03

04

05

Расул Искендеров -_студенттик cенаттын төрагасы