

ККДжКЖ алдындагы гимназиянын мугалимдери менен окуучулары кайрымдуулук акцияларын өткөрүштү
29.11.2017 13:22
2017-жылдын 24-ноябрь күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы гимназиянын мугалимдери менен окуучулары «Кто, если не я?» кайрымдуулук айлыгынын алкагында_Беловодскидеги психоневрологиялык балдар үй интернатына жана балдар үйүнө (1 жаштан 3 жашка чейинки) барышты.
Алар кичинекей бөбөктөргө концерт уюштуруп, театрлаштырылган оюн көрсөтүштүп, ырларды ырдап, бийлерди бийлешти жана азык-түлүктөрдү, жууп-тазалоочу каражаттарды, оюнчуктарды, ар кандай таттууларын беришип, жакшы маанай тартуулап келишти.
ККДжКЖ факультетинде жаңы өсүп келе жаткан жаш муундарды кайрымдуулукка, боорукерликке жана айкөлдүккө тарбиялоо максатында_мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет.
Бейшеналиева Бермет - факультеттин менеджери