Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери китеп жарманкесин өткөрүштү

2017-жылдын 21-22-ноябрь күндөрү кыргыз филологиясы факультетинин студенттери №5-окуу имаратынын алдында «Китеп - билим булагы» аттуу китеп жарманкесин өткөрүштү. Иш-чара концерттик программа менен башталып, комуз күүлөрү, китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилди. Эӊ кызыгы - жарманкенин экинчи күнүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков агай келип, китептерден алып,_"мындай жарманке биздин унверситетте да өткөрүлсө…" деген оюн айтып, уюштуруучуларга ийгилик каалады.

Жарманкенин алкагында Кыргыз Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун «Адабияттын асыл инсандары», Нурбек Калыгуловдун «Ийгиликке жетүүнүн формуласы» аттуу темадагы лекциялары да болуп өттү.

Иш-чаранын демилгечиси -_факультеттин 3-курс студенти Маматали уулу Эмилбек болду.

01

03

04

05

Зарлык уулу Тилек - кыргыз филологиясы факультетинин 2-курс студенти