Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Математика жана информатика факультетинде Чынгыз Айтматовдун 89 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө

Бул иш-чаралар 6-ноябрда түзүлгөн программа боюнча жумалыктын ачылышы менен башталды.

6-окуу имаратында жайгашкан илимий китепкананын окуу залында «Чынгыз Айтматовдун 89 жылдыгын утурлап» аттуу кече_өткөрүлдү.

Жыйындын биринчи бөлүмүндө табигий илимдер факультетинин абонементинин бөлүм башчысы Дыйканбаева Токтобүбүнүн Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө жасаган баяндамасын факултьеттин 1-курстун студенттери аябай кызыгуу менен укса, экинчи бөлүмүндө студенттер окурмандын китебин кантип туура колдонуу жөнүндө маалымат алышты.

Факультеттин активист студенттеринен түзүлгөн_топ_Ч.Айтматовдун чыгармасын чагылдырган премьераны көрүү үчүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында_барып келишти.

Жумалыктын аягында «Айтматовдон айрылып, Ала-Тоо турат кайгырып» атуу кече өткөрүлдү.

Бул кечени өткөрүунүн негизги максаты - Чынгыз Айтматов атабызды эскерүү менен бирге жаштардын улуттук сезимин дагы бир жолу көтөрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө улуу жазуучуга таандык чыгармалар, монологдор окулуп, Айтматовдун өмүр баянын чагылдырылган дубал газета чыгарылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүмү 12-декабрга карата деканат тарабынан уюштурулуп, «Ата-Бейитке» мемориалдык комплексине_студенттер, мугалимдер барышып, Чынгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюшуп, Чынгыз атабызга жана Апрель окуясында каза болгон баатырлардын арбагына куран окутулуп келиши менен аякталат.

01

02

Рахманкулов Бактияр_- тарбия иштери боюнча декандын_орун басары